DOLON MEDIA

Жумгал: Уран казылган аймактарда рекультивация иштери уланууда

Бүгүн, 10-октябрда  Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский Мин-Куш айылында болуп, уран казылган аймактарда жүрүп жаткан рекультивациялык иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу маалымат аталган ведомствонун пресс борборунан алынды.

Маалыматка караганда, ӨКМ рекультивациялык иштерди активдүү жүргүзүп, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги тарабынан белгиленген эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоодо.

“Учурда “Как” жана “Талды-Булак” калдык сактоочу жайларындагы иштер аяктады, ал эми “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайындагы иштер соңуна чыгып калды. Биздин аракеттерибиз узак мөөнөттүү коопсуздукка жана экологиялык балансты калыбына келтирүүгө багытталган. Эң негизгиси, бардык иштер эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Ал Николай Спасский  жетишилген прогрессти жогору баалап, Россия тарап бул демилгелерди колдоону улантууга даяр экенин ырастаган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.