DOLON MEDIA

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда

Жумгал районунун үч айылында сел коркунучтарын алдын алуу иштери жүрүүдө. Тагыраагы,  Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарындагы  сел жүрүү коркунучу бар аймактарда сел сууларын алдын алуу үчүн каналдарды казуу, бөгөт тосмолорун түптөө жана саздак жерлерге дренаждарды казуу иштери жүрүп жатат.

 

Райондук администрациядан билдиришкендей, бул жумуштар “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор Чаек айыл өкмөтү тарабынан Жумгал  районун  өнүктүрүү фондуна жазылып, ал  340 миң 400 сомго каржыланып  5 тонна күйүүчү май алынып берилген.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.