Ушул жылдын 20-июнунда Жумгал районунда “Мурас” фестивалы өтөт.
Фестиваль “Улуттук нарк”, “Улуттук-дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун максаттарын ишке ашыруу алкагында уюштурулуп, бир катар маданий иш-чаралар менен коштолот.
Алсак, улуу муундун маданий мурасын, акылмандыгын коомго жайылтуу менен улуттук ыр-күүлөрдү, элдик көркөм өнөрдү муундан-муунга өткөрүүнү максат кылган “Шайыр апалар” жана “Өнөр”, кол өнөрчүлүктүн өзгөчө түрү болгон көлдөлөң жасоо ыкмасын жайылтуу жана жаш уздарга үйрөтүүнү көздөгөн “Көлдөлөң” сынактары өтүп, улуттук буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулат. Ошондой эле “Көчмөн архитектор” сынагында көчмөн кыргыз элинин турак жайы болгон боз үйдү туура тигүү жана чечүү ыкмалары көрсөтүлөт. Мындан тышкары “Көчмөн” ашканасы сынагында улуттук тамак-аштар даярдалып, эт тууроо, кесме кесүү боюнча жарыштар өтөт.
“Мурас” фестивалынын максаты-кыргыз элинин жана башка көчмөн элдеринин маданий мурасын, каада-салтын, үрп-адатын, кол өнөрчүлүгүн, оозеки чыгармачылыгын жана улуу мурастарын даңазалоо. Фестиваль маданий туризмди өнүктүрүү, чыгармачыл жамааттардын, кол өнөрчүлөрдүн жана демилгелүү жарандардын башын бириктирип, аймактын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү аянтча болот.