DOLON MEDIA

Жумгал: Окуучулардын талашы эмнеден чыккан?

Жумгал районунда 10-класстын эки окуучусунун  ортосунда чыккан уруштан улам Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн беш  кызматкери тартиптик жазага тартылышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматынан алынды.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-февраль түнү саат 00:05 чамасында Жумгал райондук ооруканасынын 102 кызматына билдирүү келип, анда  2009-жылы туулган өспүрүм денесинен жаракат алгандыгын билдирген. Аталган билдирүү райондук милиция тарабынан  каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши  башталган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Жумгал РИИБдин ыкчам-тергөө тобу Жумгал райондук ооруканасына барган учурда, өспүрүм 2009-жылы туулган  Баш-Кууганды айылындагы орто мектебинин 10- классынын окуучусу экендиги аныкталган.

Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча классташ баласы  экөө уюлдук телефон талашып, ортодо пикир келишпестиктен улам, өз ара уруша кетишип, ал учтуу нерсе менен сол санын тилип качып кеткен. Бул факт боюнча жабырлануучун ата-энеси арыз жазуудан баш тартышкан.

Белгилей кетсек окуя түнкү убакытта болгондугуна карабастан Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн  беш  кызматкери тийиштүү деңгээлде профилактикалык иштерди алып барбагандыгы үчүн тартиптик жазага тартылышты”,-деп айтылат Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы тараткан  маалыматта.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.