DOLON MEDIA

Жумгал: Мал кайтаруу үчүн кеткен эки адам дайынсыз болууда

Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарып жайлоого кеткен эки адам дайынсыз болууда.

Бүгүн, 21-октябрда, аларды издөөгө райондук №43 жана №44 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн  12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам, жалпы 97 адам тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрь күнү түшкөн.

Ошол убактан бери жеринде издөө иштери жүргүзүлүүдө. 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам жалпы 83 адам тартылып, издөө жумуштарынан натыйжа болгон эмес.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.