DOLON MEDIA

Жумгал: Ламада мектептин курулушу башталды

Нарын облусунун Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча мектеп заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу окуу корпус жана спорттук залы менен курулат. Билим берүү мекемесинин жалпы аянты 1029 чарчы метрди түзөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.