2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда окко учкан Иманбек уулу Жеңиштин айкели Чаек айылында тургузулду.
Мекен үчүн жан берген жоокердин эстелиги ЖК төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин демилгеси менен тургузулуп, гүл чамбар коюлуп, куран окулуп, эрдиги эскерилди.
Ал акыркы жолу КР Куралдуу күчтөрүнүн Чек ара кызматынын №2022 Аскер бөлүгүнүн Баткен отрядынын Капчыгай чек ара заставасында кызмат өтөп жатып, 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта окко учкан.
Маалымат учүн белгилесек, кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан мекендин бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоодо эрдик көрсөтүп жатып, баатырларча окко учкан жоокерлердин бешөө теңиртоолук болгон.