DOLON MEDIA

Жумгал: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык,бүгүн, 23-сентябрда саат 05:34тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына менен очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=7.9).

“Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт, Жумгал айылдарында 3 баллга (Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”,-деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.