Жумгал районундагы Өрнөк айылында 16-октябрда мал кайтарууга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланын атасынын жансыз денеси табылды.
Бүгүн, 14-ноябрда 1979-жылы туулган жарандын жансыз денесин Көкөмерен суусунун боюнан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери табышты.
Аталган кызматтын кызматкерлери 11-ноябрында кызматтык-издөө иттери менен издөө иштерине тартылган.
Анын уулун табуу үчүн издөө иштери уланат.