16 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Жумгал районунун Өрнөк айлынын 45 жана 9 жаштагы тургундарын издөө иштерине, бүгүн 31-октябрда 116 адам, 9 дрон тартылып, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө. Бул тууралуу министрликтин маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар 22 топко бөлүнүп, Өрнөк айылынан баштап Көкөмерен дарыясын болбой 30 чакырымына чейинки тилкесинде жүрөрү мерчемделген.
Ал эми Токтогул районунда Камбар-Ата 2 ГЭСтинен Токтогул суу сактагычына чейинки жана Камбар -Ата 2 жана Камбар-АТА 1 ГЭСтеринин аралыгындагы Нарын дарыясын болой ӨКМден 8 куткаруучу ИИМдин 2 кызматкери менен эки топко бөлүнүп издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болууда.