DOLON MEDIA

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө уланууда

Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө уланууда. Бүгүн, 6-ноябрда жалпы 14 адам издөөгө чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылды.
Маалымат үчүн белгилесек,  мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен ата-бала 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Издөө иштеринен натыйжа боло элек.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.