Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө ишинен натыйжа болбогондугуна байланыштуу активдүү фазадагы издөө токтотулду.
Бүгүн, 13-ноябрда ӨКМ өкүлдөрү дайынсыз жарандардын ата-энеси менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен бир айга жакын издөө иштери уланып, куткаруучулар менен жалпы 30дан 120га чейинки адамдардын коштоосунда жана дрондордун, дүрбү, рация, авариялык куткаруу унааларынын жардамында изделип келди.