DOLON MEDIA

Жумгал:  70 миллион сомго милициянын райондук бөлүмү курулду

Жумгал райондук  ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Республикалык бюджеттин эсебинен 70 миллион сомго салынган имарат эки кабаттан туруп, ичи санариптештирилип жаңы техникалар менен жабдылып, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Алсак, жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү  боюнча бардык бөлүмдөргө өз-өзүнчө  иш бөлмөлөр каралган.  Мындай шарт коомдук тартипти камсыздоону эффективдүү  жүргүзүүгө өбөлгө болот.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.