DOLON MEDIA

Жумгал: 35 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан баланы издөө уланууда

Миң-Куш айыл аймагынын Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан  9  жаштагы баланы издөө уланууда.

Бүгүн, 20-ноябрда Көкөмерен дарыясынан издөө иштерин улантууга Жумгал райондук №43 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн  4 куткаруучу тартылды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 16-октябрында Өрнөк айылынын тургундары ата-бала мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн. 14-ноябрь күнү атасынын сөөгү туугандары тарабынан табылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.