DOLON MEDIA

Жумгал: 20 бейтапка ылайык гемодиализ борбору курулат

Чаек айылында  бир учурда 20 бейтапты тейлей турган гемодиализ борбору курулуп жатат. Долбоор “НЕФРОС-Жумгал” жоопкерчилиги чектерген коому тарабынан ишке ашырылууда.

Аталган борборду куруу үчүн Чаек айыл өкмөтү көп жылдан бери пайдалынылбай турган мурдагы “Миң-Кыял” дүкөнүнүн имараты аталган  коомго көп жылга пайдалануу үчүн берген.

Кароосуз калган имарат толугу менен оңдолуп, жылуулук, электр энергиясы жана башка коммуникациялары  тартылды. Эми ички жасалгалоо иштери бүткөн соң,  медициналык аппараттар  менен жабдылат.

Маалыматка караганда, Жумгал районунда бөйрөк оорусу менен жабыркап гемодиализ алып жүргөн 27 жаран бар. Алардын 18и райондук ооруканада каттоодо турса, калгандары борбор калаада каттоого тургандар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.