DOLON MEDIA

ЖРТнын жыйынтыгы кандай?

Нарын облусу боюнча 2023-2024- окуу жылында 11-классты 3844 окуучу аяктап, анын ичинен 3248 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышты. Булардын ичинен 40 окуучу 200 баллдан жогору алса, 2269 бүтүрүүчү 110 баллдан жогору упай топтой алышкан.  Ал эми 979 бүтүрүүчү босого 110 баллдан өтө алышкан эмес.

 

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башкы адиси Сейтек Кошалиевдин айтуусунда, ЖРТнын жыйынтыгы боюнча облуста билим сапаты 69,81 пайызды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12.81 пайызга жогору.

 

Райондор боюнча алсак, Ак-Талаа районунда быйыл мектепти 476 окуучу бүтүп, анын 447си ЖРТга катышып, 325 окуучу 110дон жогору балл топтой алышкан.

 

Ат-Башы районундагы  929 бүтүрүүчүнүн 632си ЖРТга катышып, 446 бүтүрүүчү 110дон жогору упай алышкан.

 

Жумгал районунан 500 бүтүрүүчүнүн 411и  ЖРТга барып, 110 упайдан жогорку баллды 260 бүтүрүүчү камсыздаган.

 

Кочкор районундагы орто мектептерден 849 бүтүрүүчүнүн 747си ЖРТга катышып, 485 бүтүрүүчү 110 баллдан жогору алышкан.

 

Нарын району боюнча 553 бүтүрүүчүнүн 512си  ЖРТга барып, босого  110 баллдан жогорку упайды 389 окуучу топтогон.

 

Нарын шаарындагы мектептерден 500 окуучу бүтсө алардын 465и  ЖРТга катышып, 330у 110 баллдан жогору балл алышкан.

 

Маалымат үчүн белгилесек, Нарын облусу боюнча “Алтын сертификатка” төрт окуучу эгедер  болгон. Алардын үчөө М. Субакожоев атындагы балдар лицейин бүтүрүүчүлөрү болсо, бир окуучу №8-А.Буйлаш уулу мектебин аяктаган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.