DOLON MEDIA

Жоодар Талантбеков: “Билим алуу келечектин ачкычы”

Үстүбүздөгү жылдын 13–17-июнь күндөрү өспүрүмдөрдүн  англис тили боюнча Дубайда өткөн эл аралык JEO олимпиадасында теңиртоолук Жоодар Талантбеков эки медалга ээ болду.

Ага жалпысынан 18 мамлекеттен 70 окуучу катышып, тил билүү, логика жана чыгармачылык жөндөмдөр боюнча күч сынашкан. Жыйынтыгында Жоодар жогорку балл топтоо менен алтын медалга ээ болгон.  Ошондой эле  ал олимпиадага катышкандардын арасынан эң жогорку жетишкендик көрсөткөндүгү үчүн  “Даймонд” алмаз  медалы менен сыйланды.

Жоодар Талантбеков Нарын районуна караштуу  Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучусу. Ал беш жылдан бери Нарын шаарынан 35 чакырым алыстагы Оттук айылынан жол тосуп барып- келип  англис тилин үйрөнүп, Upper-Intermediate деңгээлин ийгиликтүү аяктаган.

Келечекте программист болууну кыялданган элеттик окуучу бул сынак тууралуу маалыматты социалдык тармактардан көрүп, өткөн жылы ноябрь айында биринчи туруна катышып, күмүш медалга ээ болуу менен Дубайда өтүүчү туруна жолдомо алган.

Ал окуйм, тил үйрөнөм деген окуучуларга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, билим алуу ар бир жаштын келечеги деп эсептейт.

Айылда ангилис тили курстары жок болчу. Бирок мен чет өлкөдө окуу  кыялымды орундатуу үчүн Нарын шаарындагы курска  барып окуу керек экенин түшүндүм. Биринчи жылы атам ташып жатты. Кийинки жылы өзүм жол тосуп барып келе баштадым. Албетте, өзүм жалгыз жол тосуп барып-келүүдө көп кыйынчылыктар болду. Кээде жаанда калам, кышында суукта калып үшүгөн күндөрүм болду, бирок билим үчүн үшүгөнүмө да кайыл болдум.

Тил үйрөнүп жаткан беш жыл аралыгында бир топ сынактарга катыша бердим, көп жолу жеңилдим… 

Жеңилген сайын окуп, даярданып, өзүмдү-өзүм күчтөп жатып ушул ийгиликке жеттим. Дароо эле ийгилик жаралбасын түшүндүм. Көздөгөн максатыңа жетүү үчүн талыбаган гана аракет керек экен. Бул аракеттеримдин арты менен беш жылда ийгилик жараттым. Мында мага күн сайын акыл-насаатын айткан  чоң апамдын, биринчи жылдары тажабай ташыган атам менен апамдын,  ангилис тилин үйрөткөн Айнура эжемдин дагы салымы чоң”,-дейт ал.

Ангилис тилин үйрөткөн мугалими Айнура Турдалиеванын айтымында, Жоодар кандай кыйынчылык жаралбасын маселени өзү чечип, аны жеңе алган сапаты бар. Ал бардык темада эркин сүйлөшүп, кандай суроо болбосун кенен маалымат бере алганы, анын китепти көп окуганы.

Жоодар төрөлгөнү чоң энесинин колунда чоңойгон. Чоң энеси Канымбү апа да анын чет тилдерин үйрөнүү, чет өлкөдөн билим алуу кыялынын орундалышына  салымын кошуп, насаатын айтып, максатына жетишине колдоо көрсөтүп келет. Чоң энесинин айтымында Жоодардын мүнөзү ачык айрым, көп изденип, көп кыялданып, так даана максат коюп ага жетүүгө далалаты зор. Көбүнчө космос, энциклопедия, ойлоп табуулар боюнча китептерди окуп, келечекте программист болууну кыялданат.

16 жаштагы Жоодар жаштарды өзүн-өзү өстүрүүгө, китеп окууга  жана так максат коюууга чакырат.

Мен окуучуларды акылыбыз менен денебиз чарчабай турган  жаш кезде билим алып келечегин курууга чакырат элем. Кара жумуш менен акча табууга кызыкпагыла дейт элем. Билим алуу менен гана келечек жолубузду түзүп, билим келечектин ачкычы экенин түшүнөлү. Жашоодо көп татаалдыктар, кыйынчылыктар жолугат экен. Аны жеңүү үчүн так максат  коюу зарыл.

Эл аралык сынак, олимпиадаларга коркпой эле катыша берүү керек. Бир күнү сөзсүз жыйынтыгы болот. Сынактарга катышкан сайын тажырыйба топтоло берет, кетирген каталарыңды улам оңдой берет экенсиң. Ошондуктан алдыга умтула бергиле!

Дубайда өткөн олимпиадада эмоциялар укмуш болду. Кандай болот деп катуу ойлонуп жаттым. Жыйынтыгын коло, күмүш медаль алгандар менен баштады, атым чыккан жок. Алтын медаль тапшырып атканда дагы атым чыкпай атты, өтпөй калдым деп аябай сарсанаа болдум. Аягында менин атым аталды, алтын медаль алдым.  Мен катышкан категориядан  “эң мыкты” көрсөткүч менен алмаз медалын тапшырышты. Эми андагы эмоциялар укмуш болду”,-дейт Жоодар Талантбеков.

Эл аралык JEO олимпиадасы жыл сайын уюштурулат. Ага 3-класстан 11-класска чейин окуучулар катышса болот.

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.