Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынып жатат.
Аталган унаа жолдун боюнда жалпы 20 мыйзамсыз курулуш бар. Алар жол тейлөө мекемелеринин техникаларынын жардамы менен алынып жатат. 18-ноябрда Ат-Башы районунан 4 мыйзамсыз курулуш алынды.
Ал эми бүгүн, 19-ноябрда жумуш Кочкор районунда уланууда. Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришкендей, эми мамлекеттик маанидеги жолдун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынат.
Эл аралык, мамлекеттик маанидеги жолдун боюн иретке келтирүү жумуштары Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүүдө.