Бул тууралуу Азаттыктын медиасы кабарлады. Кыргызстанда “Уурдалган көңүл: Чачыранды ойду кантип топтойбуз?” китеби жарык көрдү. Харинин эмгегин “Китепстан” басма үйү чыгарды. Аталган басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев китеп убактысынын көбүн социалдык медиага уурдатып, ою чачыранды болуп, тынчсыздануу менен күн кечирип жаткандарга колдонмо курал болорун белгиледи.
Британ-швейцар журналисти, публицист, замандын орчундуу көйгөлөрү тууралуу бир канча китептердин автору Жоханн Харинин бул эмгегинде адамзаттын кунт коюу жөндөмү эмнеге жоголуп баратканы кылдат талданган.
Автор китепти жазыш үчүн дүйнөдөгү алдыңкы психиатр, нейробиолог ж.б. коомдук илимдердин бир катар илимпоздору менен баарлашкан.
Ал социалдык медиалар жана андагы кыска видео, билдирүүлөр жеке адам эле эмес, бүтүндөй коомдун эс тутумун кыскартып, сынчыл ой жүгүртүү, анализдөө жөндөмүн уурдап жатканын 12 мисал менен берген.
Балдарды сыртка ойнотуу, китеп окуу мээ, жүрүм-турум үчүн пайдалуу экенин түшүндүргөн.



