DOLON MEDIA

Жеңишке 80 жыл: Тарых каармандары түбөлүкк эсибизде!

1941-жылдын 22-июнь күнү бардыгыбыз үчүн унутулгус дата. Тынч жаткан элге бүлүк салып Советтер союзуна Германиянын кол салуусу менен Улуу Ата Мекендик согуш башталган.  Немецтер тынч жаткан  элдин жашоосун  бузуп, түнкү саат 3:30 да чабуулга өтүшкөн.

418 күнгө созулган  Улуу Ата Мекендик согушта эл-жерин түп көтөрүлө коргогондордун катарында кыргызстандык  жоокерлер  дагы кан төккөн, эрдик көрсөткөн. Согуш башталганга чейин республикада 1,5 миллиондон ашык адам жашаса, анын 360 миңден ашыгы фронтко аттанып, Жеңишке жетүүгө ар бир төртүнчү кыргызстандык салым кошкон. Тарыхый маалыматтарга таянсак көптөрү майданга өз ыктыяры менен барган. Салгылашта 160 миңден ашык мекендешибиз курман болду. Алардын  катарында теңиртоолук жоокерлер дагы бар эле.

Нарын шаардык аскер комиссариятынан алынган маалыматка таянсак, Ат-Башы районунан- 2 миң 731, Ак-Талаа районунан- 2 миң 54, Кочкор районунан-4 миң 40, Жумгал районунан- 3 миң 501, Нарын районунан- 5 мин 82, жалпы облус боюнча  18  мин 146 жоокер кан майданга аттанган. Алардын ичинен   каза болгондор менен дайынсыз жоголгондордун саны 8 миң 919. Ал эми 7 миң 130 жоокер Ата Мекенге Жеңиш менен кайтып келишкен.

Учурда өлкөдө саналуу гана согуш ардагери калса,  анын бири  Сатынды Жапаров  Ат-Башы районунда жашайт. Ал эми оруктун эмгекчилери катары  11 ардагер каттоодо турат.

Кыргыз жоокерлери согуштун биринчи күнүнөн эле баатырларча кармашып, эрдиктерди көрсөтө башташкан. Дүйшөнкул Шопоков баштаган кыргыз аскерлеринен турган 316-аткычтар дивизиясынын Москваны коргоодогу эрдиктерин, Чолпонбай Түлөбердиевдин душмандын дзотун көкүрөгү менен тосуп, башкаларды сактап калган  каармандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Улуу Ата Мекендик Согуштун ондогон Баатырларынын ичинде теңиртоолук Дайыр Асанов, Анварбек Чортеков сыяктуу аталарыбыздын ысымы да бар.

Советтер Союзунун Баатыры наамын алган биринчи кыргыз – Дүйшөнкул Шопоков болгон. Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандык 150 миңдей жоокер орден жана медалдар менен сыйланып, 71 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган. Кыргызстандык 29 жоокер Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган.

Кан күйгөн согуш майданы канчалык алыс болгонуна карабастан Кыргызстандын аймагына аялдар, балдар жана кары-картаңдар  болуп жалпы 300 миңден ашуун адам эвакуацияланган.  Ал эми согуш жүрүп жаткан  Украина, Россия, Беларусия сыяктуу өлкөлөрдөн  30дан ашуун өнөр жай ишканалары жабдуулары менен көчүрүлүп келген. Кыргызстан  аларды кыска убакыттын ичинде кайрадан иштетип, фронтко керектүү азык-түлүктөн баштап кийим-кечеге чейин жөнөтүп турган.

СОГУШ ЖЫЛДАРЫНДАГЫ  ӨНДҮРҮШ  ИШКАНАЛАР

Согуш жүрүп жаткан жылдар ичинде Кыргызстанда “Красный швейник”, “Красный металлист”, Фрунзе айылмашзаводу, Ош жибек комбинаты, кант заводдору сыяктуу  70тен ашык өнөр жай ишканалары ачылып, фронт үчүн кийим-кече, курал-жарак, тамак-аш, техника өндүрүп турган.

1945-жылы республикадагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 1940-жылга салыштырганда 22 пайызга өскөн.  Алардын ичинен машина куруу — 10 эсеге, металл иштетүү — 3,5 эсеге, электроэнергия өндүрүшү — 1,5 эсеге жогорулаган.

СОГУШ ЖЫЛДАРЫНДАГЫ  АЙЫЛ-ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮ

Колхоздор жана совхоздор фронт үчүн 74 миң тонна буудай, 8 миң тонна эт жөнөтүшкөн. Сталинградды коргоо үчүн 2300 гектар жер айдалып түшүмү жөнөтүлгөн. Согуш жылдарында республика боюнча 80 миң  гектар жер өздөштүрүлүп, 303,6 миң тонна нан жана 22,3 миң тонна картошка камдалган. Армияга 54 миң тандалма аттар берилген, алардын 14 миңи согуштук комплекти менен толук жабдылган.

Кыргызстандын эмгекчилери 189 миллион рубль жыйнап, аны бузулган шаарларды кайра курууга жана армияны куралдандырууга жиберишкен. Кыска мөөнөттүү курстар аркылуу 2812 тракторист, алардын 2787си аял, жана 570 комбайнер даярдалып чыккан.

ТЕҢИРТООЛУКТАРДЫН ФРОНТКО ЖӨНӨТКӨН ЖАРДАМЫ

Согуш жылдарында облустан  4,3 миң ат, 89 автомашина жөнөтүлгөн. Элибиз фронттогу жоокерлер үчүн 2207 миң рубль акча каражатын, 1194 центнер эт жиберген. Мындан тышкары, Кызыл Армия фондуна жана танк менен учак куруу үчүн 11 миллион 363 миң рубль чогултулуп, жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 367 миң рублдан ашык акчалай жардам, 36 тоннадан ашык азык-түлүк жөнөтүлгөн.

“Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан астында облустун эмгекчилери өз күчтөрүн аябай иштешкен. Айыл чарба иштерине 1290 мектеп окуучусу, 10 миңден ашуун кыз-келин мугалим тартылып, 600 миң эмгек күнү топтолгон. Элдик демилгелердин символу болгон жеке жардамдар да унутулбайт. Кочкордун Арал айылынын тургуну Жоро Жаңыбаев 50 миң сомун танк курууга, акын Абдыкалык Чоробаев учак курууга 50 миң рубль берип, Сталиндин өзүнүн алкышына арзыган. Кочкордун кыз-келиндери 215 жүн байпак, 200 жүн колкап жөнөтүшсө, Ат-Башынын Ак-Жар айылынан Чоробаева коргоо фондуна акча, сары май, кой, жүн жана жылуу кийим жөнөткөн.

Нарын эли согуш учурунда өз элин, мамлекетин коргоо үчүн 15 миллион сом накталай, 81 миллион сомдон ашык облигация, 14 кг алтын, 8628 тонна буудай, 4517 тонна эт, сары май, жүн жыйнап, майданга жөнөткөн. Бул жардамдар ачкачылыкка, кыйынчылыкка карабай, элдик ыйман жана патриотизм менен жыйналган. Кээ бир учурларда бул жардамдар мажбурланган шарттарда да топтолгон.

Туура төрт жылга созулуп, миллиондогон адамдын өмүрүн алган, эң ири жана оор жоготуу алып келген кандуу салгылаш  совет бийлигинин жеңиши менен аяктаган. 1945-жылы 8-май түнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Германиянын Карлхорст шаарында Советтер Союузунун маршалы Г.Жуковдун катышуусунда  немистер толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон. Ошол эле замат И.Сталиндин жарлыгы менен 9-Май – Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу  диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган.

Андан бери туура 80 жыл өтүп, быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы мурдагы советтик мейкиндиктеги  бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да белгиленип, бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, жеңиш алып келген баатыр аталардын эрдиги эскерилди.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.