Бишкекте эркин гезит дизайнери болуп иштеген, социалдык тармактагы (Фейсбук) пикири үчүн камалган Эрнис Жээнтаевдин туугандары президент Садыр Жапаровдон ага апасынын жаназасына катышып, топурак салуусуна уруксат берүүгө көмөктөшүүнү суранып жатышат.
Э.Жээнтаевдин апасы 27-февралга караган түнү узак оорудан улам көз жумду.
Жээнтаевдин бир тууган иниси Эрик Жээнтаев президенттен агасына ырайым кылып, камактан убактылуу чыгарып, апасынын тажыясына катышууга мүмкүндүк берүүнү өтүндү. Эрнис Жээнтаев үйдүн улуу уулу болгондуктан, чечим кабыл алуучу адам экени айтылды.
Эрнис Жээнтаев өткөн жылдын 10-ноябрында кармалып, быйыл 13-февралда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен алты жылга абакка кесилген.
Адвокаты Нурбек Сыдыков азыр өкүмдү колуна ала электигине байланыштуу кыйынчылыктар жаралып жатканын маалымдады.
Э.Жээнтаевдин апасынын тажыясы Ысык-Көл районунун Темир айылында 28-февралда саат 11:00го болот. Ал уулу кармалып, камалганы тууралуу кабардар эмес болгонун жакындары билдиришти.
Жээнтаев 2-3 гезиттин дизайнери болуп көп жылдан бери иштеп келаткан. Соцтармактагы баракчасында кымбатчылык, “Кумтөр” кенин улутташтыруу өңдүү маселелерге байланыштуу постторду жазып турган. Фейсбуктагы посттору үчүн ал өткөн жылдын соңунда кармалган. Соттук-лингвистикалык экспертиза анын постторунда “жапырт башаламандыкка чакырык бар” деген корутунду чыгарып бергенден кийин милиция эки берененин негизинде иш козгогон



