DOLON MEDIA

“Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды

Нарын шаарынын 64 аймагына  Нарын дарыясынын түштүк  жээгин бойлой салына турган “Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды.

Долбоордун эскиздик чиймеси Нарын курулуш мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалды. Бул долбоор өткөн жылы салынган  “Жээк” аллеясынын уландысы. Долбоор республиалык бюджеттин эсебинен Нарын шаарын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулат.

Учурда “”Жээк” аллеясы курула турган жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, ордун тазалоо иштери жүрүүдө.

Маалымат үчүн белгилесек, өткөн жылы Нарын дарыясынын түндүк тарабындагы  пайдаланылбай турган 3 916  чарчы метрди түзгөн жерге Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 17 млн 242 миң сом бөлүнүп “Жээк” аллеясы салынган. Анын суу тарабы коопсуздук үчүн тосулуп, жарыктандырылып, эс алуучулар үчүн орундуктар коюлган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.