Жол кыймылын тескөөчүлөргө айдоочулардан жеринде сынак алууга укук бере турган мыйзам долбоору артка кайтарылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 5-мартта Фейсбук баракчасына жазды.
“Тийиштүү тапшырманы Ички иштер министрлигине президент Садыр Жапаров бул демилгеге карата коомчулуктан ынанымдуу сын-пикирлер айтылганын эске алып берди”, – деди Алагөзов.
Бул мыйзам долбоору 4-мартта Жогорку Кеңеште каралып, бир топ депутаттын сынынан кийин күн тартибинен алынган.
Долбоордо жол коопсуздук кызматкери айдоочу негизги сегиз жол эрежесин бузган учурда аны токтотуп, планшет аркылуу алты суроодон турган сынак алары жазылган. Эгер айдоочу төрт жана андан көп суроого туура жооп берсе, айыппул жазылып коё берилери каралган. Эгер төрттөн аз суроого жооп берсе, “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүк үчүн кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөрү белгиленген.



