DOLON MEDIA

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы?

Мындан он жылдай мурун интернет айдыңында кыргыз тилиндеги кызыктуу сайттарды табуу машакаттуу иш эле. Ошондо менде кыргыз окурмандарына жардам иретинде кыргызча сайттардын каталогун түзсөмбү деген ой пайда болуп, аракет көрө баштаган элем. Учурдагы бул сайтымдагы каталог ошонун негизинде жасалган. Аны ондоп жаткандагы бир кейиштүү ачылышым менен бөлүшөйүн дедим. Илгери каталогду түзүп жатканда кытайлык кыргыздардын көп …

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы? Толугу менен »

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары

Учурда мурдагыдай жаккан сүрөттү интернеттен көчүрүп алып, аны колдоно берүү мүмкүн эмес. Автордук укукту коргоого катуу көңүл бурула баштады. Мындайда акысыз сүрөттөрдүн кампалары жардамга келиши мүмкүн. Loon.site – аталган сайтта Pexels, Unsplash, Pixabay, Flickr сыяктуу белгилүү сүрөт кампаларынан керектүү сүрөттү издегенге мүмкүнчүлүк бар. Аларды сайтта катталбай эле, каалаган максатта колдонуу үчүн акысыз жүктөп алса болот. …

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары Толугу менен »

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары

2010-жылдары “Кыргыз маданият борбору” сайтымды жаңыдан ачып иштетип жатканымда кыргыз тилдүү сайттардын топтомун түзгөнгө аракет кылдым эле. Ошондо айрым акындарыбыздын жеке сайттарын көрүп катуу кубанган болчумун. Алар Алтынбек Исмаиловдун, Муса Мураталиевдин, Аалы Туткучевдин, Айтмырза Абылкасымовдун сайттары болчу. Кыргызча “сүйлөгөн” сайттар аз кезде, акын-жазуучуларыбыздын интернет айдыңын өздөштүрүүгө аракеттери келечектен көптү үмүттөндүрөт эле. Бирок… Акын-жазуучуларыбыздын сайттары андан …

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары Толугу менен »

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак

Бир кезде New Time журналы жарыялаган сынакты биз дагы жарыялап көрөлү деп чечтик. Ал сынакка катышкан айрым чыгармалардын котормолору менен “КЫСКА-НУСКА” каналынан тааныша аласыздар (#55сөз хештеги менен белгиленгендер). 👉 Сынактын шарттары: – Сынактын аталышында эле айтылып тургандай, чыгарма 55 сөздөн турушу керек; – Чыгармада сюжеттин тактыгы, каармандардын элестүү болушу жана чыгарманын күтүүсүз аякталышы зарыл. – …

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак Толугу менен »

Кимге WordPress сайт керек?

Блог ачкыңыз келеби? Ишканаңыздын (фирмаңыздын) сайты керекпи? Жаңылык сайтын иштеткиңиз келеби? Сайтты ачып, иштеткенди үйрөнүп, өзүңөр керектүү сайт ачып иштетсеңер болот. Учурда толтура керектүү окутуулар бар. Мен да WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча офлайн жана онлайн сабактарды өткөрүп келем. Ал эми эгерде, окуп, үйрөнүп убара болгуңуз келбесе, буюртма берип сайт жасаткыңыз келсе мен кыялыңызды ишке …

Кимге WordPress сайт керек? Толугу менен »

Учурда медиалар эмнеге умтулушу керек?

Июндун башында Бишкекте “Медиа Топтоо” деген аталыштагы чоң медиа форум өтүп, анда мага “Аймактык журналистиканы өнүктүрүү” деген сессияга спикер катары катышып берүүнү суранышты эле. Бул иш-чараны уюштурган Интерньюс уюму форумдун жыйынтыгы боюнча чоң материал даярдаптыр. Макалада менин сессияда сүйлөгөндөрүм да бар экен: Марат Токоев, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлү, медиа-тренер: Медиа тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. …

Учурда медиалар эмнеге умтулушу керек? Толугу менен »

Бүркүт

Сүрөттөн фонду оңой алып салуу жолу

Мурда сүрөттүн фонун алып салуу керек болгондо Фотошоп сыяктуу күчтүү программаларды колдонууга аргасыз болчубуз. Ал эми бул программа менен иштөө бардыгыбыздын эле колубуздан келбейт эле. Учурда жасалма интеллектин өнүгүүсү (ЖИ) менен сүрөттөн фонду алып салуу кыйла жеңилдей түштү. Мен ушундай мүмкүнчүлүктү берген 8 акысыз онлайн кызматты таба алдым. Аларды атайын тестирлөөдөн өткөрүп, төмөнкү кызматтарды сунуштайт …

Сүрөттөн фонду оңой алып салуу жолу Толугу менен »

WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча жаңы окутууларыма жазылуу башталды

Көп жылдан бери багып келген кыялымды ишке ашырганы кириштим – WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча окутууларымды уюштуруп, өткөн жумада алгачкы окутууларды өткөрдүм. Менин билишимде, бул контентти башкаруу системасы боюнча биринчи кыргызча окутуу болду. Алгачкы окутуумда байкалган оң, тескери жактарын эске алуу менен курстун программасын кайра бир карап чыктым. Аны менен катар оффлайн жана онлайн окутууларды …

WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча жаңы окутууларыма жазылуу башталды Толугу менен »

Телеграм каналдарым

Мен телеграмда ачып иштеткен каналдарым тууралуу кабар берейин дедим. Балким, алар сизди кызыктырып калаттыр: “Кыргыз Поэзиясы” – кыргыз акындарынын мыкты ырлары. Күнүнө бирден ыр жарыяланат. [ads_hr hr_style=”hr-zigzag”] “КЫСКА-НУСКА” – кыска көркөм чыгармалар (жаңы ачылды). Айрымдары 5-6 сөздөн, кээ бирлери 55 сөздөн гана турат. Бирок алардын бардыгында чыныгы адабий чыгармага мүнөздүү бардык сапаттар бар. Күнүнө 12:12де бирден кыска …

Телеграм каналдарым Толугу менен »

Жыргалбек Касаболот: Таш бетиндеги тамчылар/ Акын Марат Токоевдин чыгармачылыгына сүртүм

Бүгүн мен урматтаган акын, сынчы, журналист, аналитик, саясий серепчи, мекенчил, жана да баарынан мурда Жакшы Адам Жыргалбек Касаболотов досумдун менин чыгармачылыгым тууралуу сын макаласы менен бөлүшөйүн дедим. Жыргалбекте мен урматтаган сапаттардын бири – калыстыкка келгенде жакыным, досум дебегени, болгонун болгондой айтканы, бирок ошол эле учурда достукка бекем болгону, досунун башына мүшкүл түшсө, акыркысын бергенге даяр …

Жыргалбек Касаболот: Таш бетиндеги тамчылар/ Акын Марат Токоевдин чыгармачылыгына сүртүм Толугу менен »