ТЕҢИРТООДО УЛУУ “МАНАС” БАЯНЫ ЖАҢЫРДЫ
(01/12/2022) М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу дарама театрында манасчылардын республикалык фестивалы өттү. Фестиваль манасчы Жаңыбай Кожековдун 150 жылдык мааракесин утурлай 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата уюштурулду. Манасчы Нурбек Талантбековдун айтымында , буга чейин фестиваль өлкөнүн башка облустарында өткөрүлүп келди. Эми жыйынтыктоочу чоң маданий иш чара Баткен облусунда өтмөкчү. Жаш муундарга Манастын 7 осуятын таанытуу, …