Нарын шаарында коомдук унааны өнүктүрүү максатында сатылып алынган электробустар 19-августтан баштап каттамга чыгат.
Бүгүн, 15-августа автобустардын ачкычын айдоочуларына облус жетекчиси Алтынбек Эргешов, калаа башчысы Канболот Тутуев тапшырып, коомдук транспорт элге кызмат кылган акжолтой болушун тилек кылышты.
Буга чейин электробустарды токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулуп жана кубаттай турган станциясы орнотулган.
Маалымат үчүн белгилесек, коомдук унаалар 66 миллион сомго үч кубаттагыч аппараты менен 7 жылга насыяга сатылып алынды.
“Каражат мамлекеттен 4 пайыздык чен менен берилди. Кийинки жылдан баштап жергиликтүү бюджеттен төлөнө баштайт, бул үчүн бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетет”,- деди калаа башчы.
Электробустар 37 орунду. Жол кире 10 сомдон болот. РТС чөлкөмүнө 3, Москва чөлкөмүнө 2 автобус чыгарылат. Мындан тышкары дагы 6 троллейбус алуу пдандалууда.