Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигинин көрсөтмөсү менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулду. Бул тууралуу социалдык желелерде маалымат тарады.
Буга чейин ошол эле социалдык желелерде №27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абактагы укук бузууларды акыйкатчынын өкүлдөрүнө ачык айтканы үчүн кыйноого кабылып, айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн адвокаты Нурбек Токтакуновго 2-мартта жазган катында маалымдап, укугу бузулуп жатканын коомчулукка жеткирүүсүн жана өзүн коргоону суранган.



