ЮНЕСКО жана Жаратылышты коргоо эл аралык бирикмеси Дүйнөлүк жаратылыш мурастарына кирген Батыш Тянь-Шандын аймагындагы жерлерди чарбалык максатта колдонуу күч алганына тынчсыздануусун билдирди. Мындай билдирүү эки уюмдун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Казакстанга биргелешкен сапарынан кийин жарыяланды. “Чек арасыз дарыялар” коомдук фондунун сайтына чыккан маалыматка караганда, эл аралык уюмдар аймактагы үч өлкөдөгү айрым долбоорлорду жаратылышка “кооптуу” деп мүнөздөгөн. Батыш Тянь-Шань тоо кыркаларынын Кыргызстандан өткөн бөлүгүндө алтын казып алуу иштери жүрүп, Чаткал суусуна кубаттуу ГЭС куруу пландалып жатканын жана ошол суу сактагычтын жээги аркылуу Талас – Чаткал – Ташкент чоң жолу салына турганын белгилеген. Казак бийлиги Угам дарыясына суу сактагыч менен кошо ГЭСтер каскадын сала турганын жарыялап, дарыянын бир бөлүгүн 210 чакырымдык түтүк аркылуу Түркистан облусунун башка райондоруна буруу ниетин билдиргенин жазган. “Өзбекстанга агып кирген бул эки дарыя тең плотина менен тосулуп калган. “Чек арасыз дарыялар” фондунун эксперттери муну жеринен көргөндө гана ынанды. Бульдозерлер жана экскаваторлор жаңы канал куруп, Угам дарыясынын табигый агымын бузуп жатышат. Мындай жапайычылык жалпы кубаттуулугу болжол менен 5 МВт болгон үч кичинекей ГЭСтин курулушу үчүн болуп жатат, алар бул чакан тоо дарыясында жакында эле пайда болгон, сейрек кездешүүчү балыктардын популяциясын жок кылат”, – деп жазылган фонддун билдирүүсүндө. Эки уюмдун биргелешкен миссиясынын “Батыш Тянь-Шань” дүйнөлүк табигый мурасы боюнча баяндамасы келерки жылы ЮНЕСКОнун жалпы мурастар комитетинин Болгарияда өтчу жыйынында жарыяланат. 2023-жылы сентябрда Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөрдү көтөргөн. Кыргыз президенти Борбор Азияда энергетикалык ресурстарды үнөмдөөгө өбөлгө болчу заманбап технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүүнү сунуштаган.