Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын 9у булганыч абадан дем алат. Жыйынтыгында жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.
Булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатып:
– өпкөнүн сезгенүүсү
– астма
– бронхит
– алсыроо жана баш ооруу
– жүрөк-кан тамыр оорулары
– бөйрөктүн жетишсиздиги
– өнөкөт жана рак оорусун козгошу мүмкүн.
Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн өтө кооптуу.
Андыктан өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн ышка каршы бирге аракеттенели!