DOLON MEDIA

В.Ленин атындагы борбордук жолду рекнострукциялоо иштери башталды

Нарын шаарынын В.Ленин көчөсүнүн реконструкциялоо менен кеңейтип кайра куруу долбоору калаанын Батыш аймагынан башталды. Учурда  Интернат чөлкөмүндө тротуарлар, зым тиректер алынып, аба чубалгылар жыйналып жатат. Ага удаа эле жол түшө турган  жер асфальтка даярдалып жер жумуштары жасалууда.

Буга чейин кеңейтилип салына турган жолдун боюндагы  курулуштар, тосмолор жана башка жылдырууга жаткан обьектилер такталып чыгып, четинен алынууда.

Жол төрт тилкелүү, эки тараптуу тротуары жашыл аймагы, ирригация тутуму менен туурасы 24 метр болуп жасалат. Бул үчүн  республикалык бюджеттен 727 миллион сом бөлүнөт. Жолдун жалпы узундугу 9 чакырым 500 метр.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.