УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында жалпы беш адам камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына жана шаардын тергөө абагына (СИЗО-1) камалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогон. УКМК ички иликтөө жүргүзүп, алты адам атайын кызмат системасынан кетирилди, дагы алтоо ээлеген кызматынан бошотулду. Сегиз кызматкер тартип жазасына тартылды.
УКМК тараткан маалыматта Жакыпбеков баштаган адамдар баюу максатында туруктуу коррупциялык топ түзгөнү айтылды. Элдар Жакыпов Нарында туулуп-өскөн.



