Нарын облусунда дан эгиндеринин 96 пайызы жыйналды. Алсак быйыл 27 миң 171 гектарга дан эгиндери эгилген. Бүгүнкү күнгө карата анын 25 миң 746 гектары чабылып, 165 миң 653 тонна түшүм алынды. Түшүмдүүлүк 22,4 центнерден айланып, өткөн жылга салыштыралуу 2,1 центнерге жогору.
Ал эми облус боюнча 433 миң 500 тонна тоют топтолду. Учурда Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондору жүгөрүдөн, Ат-Башы району сулу, бурчак жана арпадан чыктуу тоют камдашууда.