DOLON MEDIA

Түндүк менен түштүктү бириктирген жол жаз айында колдонууга берилет

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу аяктап, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет.

Маалыматка караганда, жол инвестициялык долбоорлордун алкагында курулуп, курулуш жумуштары 100 пайыз аяктады.

Долбоор алкагында 887 миллион доллар каралган. Жолдун узундугу 453 чакырымды түзүп, Көк-Арт ашуусунда узундугу 3 чакырым болгон эки туннель салынды.

Курулушу 2014-жылы башталган альтернативдүү жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад аркылуу өтөт.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.