Нарын шаардык кеңешинин сессиясында троллейбустардан алынган зым чубалгыларын жана түркүктөрүн сатууга макулдук берүү боюнча маселе каралды. Бул багытта калаа башчы Канболот Тутуевдин маалыматы угулду.
Троллейбус линиясы 1994-жылы пайдаланууга берилип, жалпы 15 чакырымдай зым чубалгы, 420 темир жана бетон түркүк тартылган. Белгилүү болгондой борбордук жолду кеңейтүү жумуштарына байланыштуу түркүктөр жана линия алынып жатат. Учурда жумуштун 95 пайызы аткарылып бүткөн. Алынган материалдар Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасынын гаражына киргизилген.
Сессия жүрүшүндө эл өкүлдөрү жез зым чубалгылар канча тонна болгонуна кызыгып, убагында таразага тартылбаганын катачылык катары белгилешти. Бул боюнча бир топ талкуу жүрүп, жыйынтыгында сессияга катышып жаткан 17 депутаттын 16сы сатууга макулдук беришти.
Калаа башчынын айтуусунда, жез, темир, бетон материалды сатуу боюнча “Кыргыз темир” ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан алынган каражат жергиликтүү бюджетке чегерилип, мэриянын имаратынын курулушуна өздүк салым катары жумшалат. Ошондой эле коомдук муниципалдык мончонун электр энергияга болгон 2 миллион сомдук карызын жабуу пландалууда.