DOLON MEDIA

 Тоо койнундагы жалгыз жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө статус берүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Алардын катарында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети дагы бар.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Нарын мамлекеттик университети -Нарын шаарындагы жалгыз жогорку окуу жайы. Ал 1996-жылы ачылып, туңгуч ректору  Жанат Жаманкулов болгон. 2009-жылы университетке кыргыздын совет доорундагы туңгуч агартуучуларынын бири Сатыбалды Нааматовдун ысымы ыйгарылган.  Окуу жай 25 багыт боюнча  адистерди даярдайт. Учурда 1500дөн ашык студенттер билим алат. Аларга билим берген окутуучулардын катарында 4  илимдин доктору,  45 кандидаттар жана доценттер бар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.