DOLON MEDIA

Тогуз айда кызамыктын 177 учуру катталды

Нарын райондор аралык мамлекеттик санепид көзөмөлдөө борборунун врач-иммунологу Гүлай Дуулатованын маалыматына караганда, өткөн жылдын тогуз айында облус боюнча  кызамык оорусунун 12 учуру катталса, быйыл  9 айда 177 учур катталып өсүш берген. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөө компаниясы жүргөн.  Анын натыйжасында октябрь айында оорунун бир учуру катталган.

21-октябрдан 4-ноябрга чейин аталган ооруларга каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгү башталды.

“Буга чейин  40 миң 50 доза вакцина бөлүнүп,  9 айдан 7 жашка чейинки балдардын саны такталып, максаттуу топко  кирген 26 миң 340 баланын 21 миң 609у эмделген. Эми тазалоочу эмдөө өнөктүгүндө максаттуу топко киргип эмделбей калган  9 айдан баштап  7 жашке чейинки балдар, медициналык кызматкерлер, жогорку жана орто окуу жайлардын  мугалимдери, студенттерине эмдөө жүргүзүлөт. Бул үчүн 42 миң доза вакцина келди”,-деди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.