DOLON MEDIA

ТИМ Кореяда жүргөн кыргызстандыктарды сак болууга чакырат

Акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кореянын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылчылык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат.

“Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу кайрылууну суранат: +82 10 9798 0951.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.