DOLON MEDIA

Тилсиз жоодо каза болгондордун саны 24кө жетти

АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анджелес округун каптаган тилсиз жоодо каза болгондордун саны 24кө жетти.

Маалыматка караганда, көз жумгандардын көпчүлүгүнүн өздүгү азырынча тактала элек. Буга чейин 16 адам каза тапканы жана дагы 13 киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Лос-Анджелестеги токой өртү 7-январда башталган. Метеорологдордун пикиринде, оттун тез жайылышына кургак жана шамалдуу аба ырайы себеп болду. Өрттүн жалпы аянты 16 миң гектардан ашты. 12 миңден ашуун имарат күйүп кетти.

АКШ президенти Калифорниядагы өрт штаттын тарыхындагы эң масштабдуу жана кыйратуучу кырсык болгонун белгилеген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.