DOLON MEDIA

Теңиртоолуктар жырткычтардан 23 миллион сом зыян тартты

Нарын облусунда жырткыч жаныбарлар  элге 23 миллион сомдон ашык чыгым алып келди.

Нарын облусу боюнча өткөн жыл ичинде  64 уй, топоз,  148  жылкы, 220 тай  жана 214 кой, эчки карышкырга жем болуп, мындан улам  теңиртоолуктар 23 миллион 139 миң сомдук зыян тартышкан.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, атайын түзүлгөн иш- чаралардын негизинде жана мергенчилердин көмөгү менен облус боюнча жалпы 103 карышкыр, 1 бөлтүрүк, 181 чөө жок кылынганын кабарлады.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.