DOLON MEDIA

Теңиртоолук тарбиячылар байгелүү кайтышты

Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөн  республикалык сынакта Нарын облусунан катышкан тарбиячылар үчүнчү байгелүү орунду камсыздашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

“Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча  Ат-Башы районунун “Казыбек-Жеткинчек” бакчасынын тарбиячысы  Айзада Мырзабекова, “Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча Нарын шаарындагы №1 “Ата-Түрк” атындагы бала бакчанын  усулчусу Үмүт Бегалиева 3-орунга ээ болушту.

“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагы тарбиячылар, методисттер, мамлекеттик тил мугалимдери, музыкалык жетекчилер арасында өткөрүлдү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.