DOLON MEDIA

Тегерандагы Кызыл Жарым Ай коому: 555 адам каза болду

АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынын натыйжасында Иранда ушул убакка чейин 555 адам каза болгонун билдирди. Чабуулдар Ирандын 131 шаарына жасалган. Жабыркагандарды куткаруу, медициналык жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо улантылууда. Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси акыркы эки күн ичинде Тебриз, Сараб, Мараге жана Шабестар шаарларындагы ар кандай жайлар соккуга кабылып, жалпысынан 42 адам каза болгонун маалымдады. Каза болгондордун канчасы карапайым тургундар экени белгисиз. 28-февралда Хормозган провинциясындагы «Шажре Таййиба» аттуу мектепке жасалган ракеталык соккудан каза болгондордун саны 148ге жеткени кабарланды. Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, бул чабуулда 95тен ашуун адам жаракат алган, алардын көбү окуучулар болгон. Бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок. 28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул койду.

Булак: Азаттык

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.