DOLON MEDIA

Таза азык-таза ден соолук!

Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын башчысы Ишенбек Алманбетовдун маалыматына караганда, бруцеллез оорусу көп аныкталууда. Алсак быйылкы жылдын алты айында 29 мин 143 изилдөө жүргүзүлсө, 33 баш уйдан бруцеллез табылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда  4 учурга көп. Дарт аныкталган мал эрежелерге ылайык союлуп жок кылынган.

Аталган лаборатория жаныбарлардын бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык ооруларын аныктоо боюнча өз убагында  ишенимдүү диагностикалык иштерди жүргүзгөндүктөн Агробизнестеги атаандаштыкты коргоо бобору тарабынан 5 миллион 320 мин сомдук жаңы жабуулар менен жабдылган. Ошонун жардамы менен Био- сынамдарды кабыл алуу бөлүм ачылып, бир адис иштеп жатат. Экинчиден малдардан аныкталган бруцеллез оорусу көйгөй жараткандыктан, ооруну аныктоо процесси көп узак болуп жатат. Андыктан идентификация жүргүзүүнү күчөтүп, Серология бөлүмүнө сертификат алуу маселесин тездетүү зарылдыгы турат. Акредтитациядан эрте өтүп сертификат берилсе  облуста өндүрүлгөн бардык айыл чарба  азыктары токтоосуз ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттко чыгат.

Максат- элге коопсуз тамак аш азык-түлүгүн тартылоо менен малдын ден соолугун караоодон өткөрүп туруу. Маалымат үчүн белгилесек, Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясы 1943-жылы уюшулган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.