DOLON MEDIA

Ташиевдердин үй-бүлөсү 570 миллион сомго төрөт үйүн куруп берди

Ташиевдердин үй-бүлөсү өз эсебинен 570 млн сомго Эне жана баланы коргоо борборун куруп, мамлекетке өткөрүп беришти

Сузак районунун Чокмор айылында райондор аралык Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борбору ачылды. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Бул борборду Ташиевдер өздөрүнө таандык болгон мунай базасын сатып, 570 миллион сомдук жеке каражатына куруп, толугу менен мамлекетке өткөрүп беришти. Имарат төрөт бөлүмүн жана балдар ооруканасын камтып, жалпысынан 470 штаттык бирдик менен камсыздалат.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө бул демилгени мындайча баалады:

«Мурун чиновниктер менен байлар акчаларын чет өлкөгө чыгарып, ошол жактан үй салып, бизнес ачып кетишчү. Азыр деле кайтып келе албай жүргөндөр бар. Ал эми Ташиевдер үй-бүлөсү мунай базасын сатып, ошол акчаны өз элине жумшап, ушул ооруканадай изги ишке салды. Бул — чыныгы үлгү, чыныгы патриотизм».

Бул долбоор — пайда үчүн эмес, эне-баланын ден соолугу үчүн, элдин бакубат жашоосу үчүн жасалган улуу иш. Ташиевдердин бул кадамы — мамлекетке берилгендиктин жана элге кызмат кылуунун жогорку үлгүсү”.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.