DOLON MEDIA

Нарын

Нарын шаарында арык жана жөө адамдардар басуучу жол шаардык менчикке өттү

Нарын шаардык басма сөз кызматы билдиргендей 22-декабрда шаардын РТС чөлкөмүндөгү эки объект муниципалдык менчикке өткөрүлүп алынды. Нарын шаардык мэриясы жана MSDSPKG коомдук фонду менен кызматташтыктын алкагында РТС аймагына салынган 600 метр узундуктагы чоң арык жана Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында жасалган С. Качкынова жөө адамдар жолу муниципиалдык менчикке өткөрүлүп алынды. Нарын шаарынын мэри Канболот …

Нарын шаарында арык жана жөө адамдардар басуучу жол шаардык менчикке өттү Толугу менен »

Нарында УКМКнын ремонттолгон имараты ачылды

Президент Садыр Жапаров 21-декабрда Нарынга жасаган иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачты. Ал Коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жигердүү жана кесипкөй иши өлкөнүн коопсуздугун сактап, элдин тынч эмгектенүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. “Мен сиздерге ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем”, …

Нарында УКМКнын ремонттолгон имараты ачылды Толугу менен »

Нарында Жогорку Каскад ГЭСи курулат

Мындай маалыматты экинчи Элдик курултайда президент С. Жапаров билдирди. Нарын облусунан делегат болуп барган Амантур Көгөев Нарында башталып бүтпөй турган Жогорку Каскад ГЭСи жана облуска 75 орундуу оорукана керектиги боюнча маселе көтөргөн. Курултайдын экинчи күнүндө жооп берип жатып президент Садыр Жапаров ГЭС боюнча кызыкадар инвесторлор бар экенин билдирди. Аны менен катар”РусГидро” боюнча Россия жана Кыргызстан …

Нарында Жогорку Каскад ГЭСи курулат Толугу менен »

Нарын суу канал ишканасы суу түтүктөрүн туура пайдаланууга чакырат

Аталган мекемеден билдиришкендей ыплас суулар үчүн түтүктөр да жашоочулар тарабынан туура пайдаланбай, ар кандай таштандылар да суу түтүктөрү менен кошо кеткендиктен алар да жарылып же тыгын пайда болууда. 21-ноябрда Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүндө И. Раззаков көчөсүндөгү Мед айымдар аллеясында ыпылас суулардын түтүктөрү жарылып, шаардыктар үчүн онтойсуздук жаралууда. Буга байланыштуу аталган ишкана жашоочуларды таза суунунубу, ыпылас …

Нарын суу канал ишканасы суу түтүктөрүн туура пайдаланууга чакырат Толугу менен »

Нарында мектептерге жылуулук берилди

Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жана № 5 Кычан Жакыпов атындагы мектептерге жылуулук толук бериле баштады. Нарын жылуулук берүү ишканасынын башчысы Улан Айтиев бүгүн 21-ноябрда аталган мектептердин бирине барып жылытуу системасын көрдү. Жаны окуу жылы башталганда аталган эки мектептен жылуулук системалары капиталдык ремонттон өз убагында өтпөй калган. Ата-энелердин айтымында жылуулук берүү сезону башталганда …

Нарында мектептерге жылуулук берилди Толугу менен »

Нарын облусунда Карылар күнү белгиленди

Нарын облусу боюнча 30 сентябрдан 2-октябрь күндөрү Карылар күнү белгиленди. Облус жетекчиси карыларды куттуктады. Район, шаарларда сый тамактар берилип, спорттук оюндар өттү.  Нарын шаарында борбордук аянтта карылардын кан басымы бекер текшерилип, муниципалдык мончого бекер түшүштү. Аны менен катар спорттун төрт түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Шахмат боюнча мелдешке эн кары 90 жаштагы аксакал А. Шерманбетов катышып …

Нарын облусунда Карылар күнү белгиленди Толугу менен »

Облус жетекчиси ун азыктарын кымбаттатпоого чакырды

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарык укуктуу өкулунүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Нарындын базарларында бир кап ун сортуна жараша 700-900 сомго чейин кымбаттаса, өзүбүздөн өндүрүлгөн ундар 50-100 сомго чейин кымбаттап кеткен.  Ал эми нан болсо 3 сомдон 5 сомго чейин көтөрүлгөн. Буга байланыштуу облус башчысы Алтынбек Эргешов тиешелүү мекеме жетекчилерине, Нарын шаардык мэриясына, Монополияга каршы кызматына …

Облус жетекчиси ун азыктарын кымбаттатпоого чакырды Толугу менен »

Нарындык шахматчы дүйнөлүк чемпионатка катышып келди

Нарын шаардык балдар жана уландар спорт мектебинин машыктыруучусу Тилек Такырбашев шахмат боюнча ардагерлер арасында  Италиянын Ассизи шаарында  өткөн Дүйнөлүк чемпионатка катышып келди. Ага дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 60 жаштан жогорку курактагы шахматчы ардагерлер катышкан. Ал эми Кыргызстандан эки катышуучу барса, анын бири Тилек Такырбашев, бири Бишкек шаарынан барган Таалай Иманалиев. Т.Такырбашев 65 жаштан жогору курактагы  …

Нарындык шахматчы дүйнөлүк чемпионатка катышып келди Толугу менен »

Ичкиликке берилгендер жашарууда

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын психо-наркология бөлүмүңдө учурда 24 бейтап дарыланууда. Анын 8и психикалык оорулар менен жабыркагандар болсо калганы ичкиликке көз каранды болгондор. Бөлүмдүн психиатр-нарколог дарыгери Базаркүл Кененбаеванын айтымында, психикалык оорулар жана аракечтик жыл сайын жашарууда. Ага жумушсуздук, ажырашуулар, турмуштун оордугу, тынчсыздануу себеп болууда. “Кийинки убакта ичкилик ичкен азайды деген менен аракечтиктин айынан ооруканага түшкөндөр көп …

Ичкиликке берилгендер жашарууда Толугу менен »