DOLON MEDIA

Сүйүнчү пулдун көлөмү көбөйөт

Мындан ары деңиз деңгээлинен бир миң чакырым бийиктикте жашаган үй-бүлөдө төртүнчү баланы жарыкка алып келген энелерге мамлекет тарабынан “Сүйүнчү пул” 100 миң, бешинчи баласын төрөгөндөргө  600 миң, жетинчи баланы төрөгөнгө 1 миллион,  8-9 бала төрөгөңдөргө 1 миллион 500 миң , ал эми он бала төрөгөн энелерге 2 миллион сом берилет. Бул боюнча атайын программа иштелип жатканын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Керемет” балдар бакчасынын ачылышында билдирди.

“Мамлекеттин коопсуздугу анын  элинин санына жараша болот. Дүйнөдө кандай өзгөрүүлөр болуп жатат. Айланабызда  элинин саны көп канчалаган чоң мамалекеттер бар.

Мамлекетибизде өз балдарыбызга шарттарды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Биз мектеп, бакчаларды, окуу жайларды  куруп беребиз. Ага жараша балдарыбыз көп төрөлүшү керек. Жаш үй-бүлөлөр көп балалуу болушсун. Балдар көп төрөлсө гана Кыргызстан өнүгүп өсөт. Бул тамаша эмес, өтө олуттуу маселе. Азыр 7.5 миллион  калк болсок, тез аранын ичинде 15-20 миллион болушубуз керек. Ошондо күчтүү мамлекет болобуз, мамлекеттин келечеги үчүн кабатыр болбойбуз”,-деди К.Ташиев.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.