Нарын облустук сот тутумунда QR код аркылуу онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сурамжылоо жарандар менен соттордун алакасын жакындатып, өз ара мамилелерин аныктоого жардам берет.
“Жарандар онлайн сурамжылоого катышуу менен сот кызматкерлеринин мамилеси, сот процесстеринин жүрүшү, сот актыларынын түшүнүктүүлүгү жана башка маселелер боюнча пикирин билдирип, сот ишмердүүлүгүн жакшыртууга салым кошо алышат.
Онлайн-сурамжылоодо ачыкка чыккан кемчиликтер талданып, жетишкендиктер кубатталып, тийиштүү чаралар көрүлөт”,-деп айтылат маалыматта.
Нарын облусу боюнча QR код аркылуу сурамжылоо такталары, Нарын облустук сотунун, Нарын облусунун Административдик сотунун жана Нарын шаардык, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Нарын райондук сотунун имараттарында орнотулган.