DOLON MEDIA

Соң-Көл: Мыйзамсыз куралчан үч жаран кармалды

Экосистеманы жакшыртып,биотүрдүүлүктү сактоонун  аракети көрүлүп жаткан чакта броконьерлер жаратылышка аёсуз мамилесин улантышууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин  Нарын облусундагы башкармалыгы тарабынан  Соң-Көл аймагына жасалган рейд учурунда көл үстүнөн жалпы 2,5 миң метрдей тор жыйналып алынды. Ошондой эле  экологдор Соң Көлдүн Акталаа тарабындагы Бычан жайлоосунан, жанында ок атуучу куралдары, кайырмак тору бар 3 адамды кармашты. Текшере келгенде ок атуучу куралдарынын уруксат кагаздары жок болуп чыкты. Тиешелүү документтер толтурулуп, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ок атуучу куралга уруксаты бар, бирок  аны талаптагыдай  алып жүрбөгөн дагы 2 адамга жеринде  25  миң сом айып пул салынды.

Жалпысынан Соң-Көл тарапка жүргүзүлгөн рейдде 2 протокол түзүлүп, жайылган торлордон 50 дөй балык кайра көлгө кое берилди. 14 даана огу менен 2 ок атуучу курал, 1 кайрымак тор  алынды. Браконьерлер тарабынан Соң-Көлгө ташталган 2500 метр тор жок кылынды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.