DOLON MEDIA

Согуштан кайтпай калган жоокерлердин туугандары изделет

Улуу Ата Мекендик согушта 300 миңден ашуун кыргызстандыктар фронтко аттанган. Ар бир экинчиси кайтып келбей, көбү дайынсыз жоголгон.

Миңдеген кыргыз жоокерлери туткунга алынып, немис лагерлерине жөнөтүлгөн. Согуш маалында жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан “Атын кайтаруу” эл аралык долбоору чыкканга чейин алар тууралуу эч нерсе белгилүү болгон эмес.

“Атын кайтаруу” -бул саясатсыз, гуманитардык, үй бүлөлүк  долбоор болуп саналат жана 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта өз жакындарын жоготкон үй бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө багытталган

Долбоор согушта курман болгон жоокерлердин эстелигин калыбына келтирүүгө жана анда жакындарын жоготкон үй бүлөлөргө жардам берүүгө арналат.

Долбоордун жүрүшүндө Д.Асанов атындагы аскер окуу жайынын курсанттары Кыргызстандан дайынсыз жоголгон жоокерлер тууралуу маалыматтар камтылган 2 миңден ашык архивдик документтерди табышкан.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.