Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.
Өлкө аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери жашайт. Алардын катарында 1 согуштун майыбы, 13 согуштун катышуучулары, 7 концлагерлердин туткундары жана 11 Ленинград блокадасынын катышуучулары бар.
1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардамды төлөө жөнүндө” тескемесине ылайык, бардык ардагерлерге 100 000 сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.
Жалпысынан 3,2 миллион сом суммадагы каражат төлөндү.
Мындай материалдык колдоо Нарын облусундагы жалгыз ардагер Сатынды Жапаровго жеринде тапшырылды. Аны облус башчысынын орун басары тапшырып, КР Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.


