DOLON MEDIA

Шашылыш билдирүү: 26-сентябрга карата аба ырайы

Кыргыз гидрометтин маалыматы боюнча: 26-27-сентябрларда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° ка чейин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.